www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэладагы митингдерде 57 киши каза тапты.

Венесуэлада 6 аптадан бери уланган өкмөткө каршы митингдерде каза тапкандардын саны 57ге жетти.

Башкы прокурор Луиза Ортега, көз жумган 57 кишинин жарымынын ыкчам күчтөр жана аскерлер тарабынан өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Митингдерде орто эсеп менен миңдей кишинин жаракат алганын айткан Ортега, венесуэлалык жооптуу кызматтагылардын көпчүлүгүнүн тескерисинче 20 жаштагы митингчинин полиция ыргыткан көздөн жаш агызуучу бомбанын тийишинин себебинен каза болгонун белгиледи.

Венесуэланын мамлекеттик телеканалы өкмөт жооптууларынын көпчүлүгүнүн жарыялоолорун чыгарып, башкы прокурор Ортеганын бул жарыялоосун көрсөткөн жок.

Венесуэлада Жогорку соттун мамлекет башчысы Николас Мадуро жетектеген өкмөттүн 31-мартта Конгресстин ыйгарым укуктарын колунан алганын жарыялоосу азык-заттын тартыштыгы, жогорку инфляция жана арткан кылмыш катнаштарынан келип чыккан коомдук тынчсыздануу коштогон элди көчөгө чыгарган.

Оппозиция, өлүмдөргө ченемсиз күч колдонгон коопсуздук күчтөрүн жана өкмөттү жактаган согушчулдарды жооптуу көрүүдө.

Мадуро болсо митингдерге катышкан радикал оңчулдардын кылмыш бандалары менен кызматташып зомбулук окуяларын күүлөгөнүн жактоодо.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости