www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венесуэладагы түрмөдөн качуу аракетинде каза болгон туткундардын саны 46га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Венесуэланын түндүк-батышындагы Португеса штатында 17 туткун каза болгону кабарланган.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын тизмеси дагы көбөйүшү мүмкүн. Анткени жаракат алгандардын так саны азырынча аныктала элек жана алардын абалы оор экени айтылууда.
Ошондой эле, мекеменин директору Карлос Рохонун аркасынан катуу бычак сайылган жана тополоңду басууга катышкан Улуттук гвардиянын лейтенанты туткундардын бири ыргыткан жарылуучу шаймандын сыныктарынан жабыркаган. Массалык качуунун кесепетинен 46 жаран каза болду.
Жергиликтүү укук коргоо уюму туткундардын түрмөдөн качуусунун себеби катары түзөтүү мекемеси толуп кеткендигинен улам деген тыянак чыгарган.
Булак: NazarNews.kg