www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венесуэладагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 3811ге жетти, дагы 16 миң 740 адам жаракат алды. Бул тууралуу Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес Х тармагында билдирди.
Анын айтымында, куткаруучулар урандылардын астынан 6462 адамды алып чыгышкан, ал эми 86 миң 794 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн. Үй-жайсыз калгандардын саны 17 миң 907ге жетти.
24-июнь күнү кечинде Венесуэлада бир мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде магнитудасы 7,2 жана 7,5ге жеткен эки ири жер титирөө катталган. Бул — өлкөдөгү 1900-жылдан берки эң күчтүү жер титирөөлөр.
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга 29,5 миң кызматкер, 4 миңге жакын чет элдик адис жана 27,5 миң ыктыярчы тартылган. Бийликтин маалыматы боюнча, 856 имарат зыянга учурап, 190дон ашыгы толугу менен ураган.