www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын президенти отставкага кетти

Венгриянын парламенти өлкөнүн президенти Каталин Новактын отставкага кетишин бир добуштан колдоду. Азыр ал расмий түрдө Венгриянын президенти эмес, деп билдирди «Telex» басылмасы.

Новак балдар үйүндөгү сексуалдык зомбулук ишти жаап-жашырууга жардам берген деген айып менен соттолгон адамдын кечирилиши боюнча жаңжалдан улам отставкага кеткен. Басылманын маалыматына караганда, учурда парламентте Венгриянын Конституциялык сотунун төрагасы Тамаш Шуйоктун талапкерлигине добуш берүү жүрүп жатат.

Анын президенттикке талапкерлигин Венгриянын башкаруучу партиялары — «Фидес» жана Христиан-демократиялык элдик партиясы көрсөткөн. Эгерде Шуйоктун талапкерлиги жактырылса, ал 5-марттан тарта президенттик кызматка кирише алат.

Ага чейин Венгриянын президентинин милдетин Мамлекеттик жыйындын төрагасы Ласло Кевер аткарат, деп белгиледи басылма.

Новактын отставкага кетишине себеп болгон жаңжалдын кесепетинен Венгриянын юстиция министри Юдит Варга жана Венгриянын реформачыл чиркөөсүнүн башчысы Золтан Балог да кызматтан кетүү чечимин кабыл алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости