www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын президенти Каталин Новак Index журналына берген маегинде украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен жолугушууда аны сүйлөшүүгө үндөгөнүн айтты.

"Согуш бир жарым жылдан бери уланып жатат жана мен узак мөөнөттүү тынчтыкка алып келе турган аскердик чечимди көрбөй турам. Ошондуктан сүйлөшүү керек. Мен бул чечкиндүү пикиримди президент Зеленскийге ачык билдирдим", - деген Новак.

Новак жакында Киевдеги жолугушууда Венгриянын “тынчтык формуласы” боюнча сүйлөшүү процессине кошулуу ниетин билдиргенин белгиледи.

Өткөн аптанын соңунда Венгриянын президенти Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга убакыт келерин, бирок конкреттүү тынчтык планын жарыялоо үчүн шарттар азырынча түзүлө элек экенин айткан.

Белгилей кетсек, Москва алар сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу баса белгилеген, бирок Киев аларга мыйзамдык деңгээлде тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости