www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай 30-августтан тарта чет өлкөдөн келген туристтерди коронавирустун антигенине текшерүүдөн өткөрүү талабын алып салат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэньбинь брифинг учурунда билдиргенин Reuters басылмасы кабарлайт.

"2023-жылдын 30-августунан баштап Кытайга келген адамдар алдын ала -тестинен өтүүнүн же COVID-19 антиген тестин тапшыруунун кереги жок", - деген ал.

Белгилей кетсек, 15-марттан тарта Кытай бийлиги чет элдик жарандарга визанын бардык түрүн бере баштады. Шанхайга круиздик кемелер менен визасыз баруу мүмкүнчүлүгү да кайрадан пайда болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости