www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремлдин Тверь облусунда кулаган Embraer Legacy 600 бизнес учагынын бортунда каза болгон "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан жана кантип өтөөрүн билбей турганын билдирди. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазды.

"Акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу азырынча маалыматым жок, ошондуктан эч нерсе айта албайм. Чечим кабыл алынар замат коомчулукка жарыяланат. Мындай чечимдер ар дайым туугандары тарабынан кабыл алынат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, кече, 23-августта бортунда он адам бар жеке менчик Embraer Legacy учагы Тверь облусунда кулап түшкөн. Мерт кеткен адамдардын арасында Пригожиндин сөөгү да бар экени аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости