www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын жаңы президенти шайланды

Венгрия мамлекетинин парламенти Конституциялык соттун төрагасы Тамаш Шуйокту өлкөнүн жаңы президенти кылып дайындады. Бул тууралуу «Index.hu.» маалыматтык сайты билдирди.

Шуйоктун президенттикке талапкерлигин 134 депутат колдоп, 5 депутат каршы болду. Жалпысынан 146 депутат добуш берди, бирок жети добуш жараксыз деп табылды. 67 жаштагы Тамаш Шуйок Конституциялык сотто 10 жылдан бери иштеп, аны 2016- жылдан бери жетектеп келет.

1997-жылдан 2014-жылга чейин ал жеке юридикалык иш менен алектенип, 2000-жылдан баштап конституциялык судья болуп шайланганга чейин Австриянын Сегед шаарындагы ардактуу консул болгон. 2005-жылдын сентябрынан тарта Сегед университетинде конституциялык укуктан сабак берип баштаган.

26-февралда Венгриянын парламенти экс-президент Каталин Новакты отставкага кетирген. Ал 10-февралда педофилия боюнча соттолгон туткунга ырайым кылуу боюнча жаңжалдан кийин кызматтан кетерин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости