www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли мал киндиктүү эл болгондуктан айыл чарба тармагында мал-жандыктардын оору сыркоосун текшере турган мамлекеттик ветеринардык санитардык инспециясы деген бар. Тармакты бир канча жылдан бери тейлеген Калысбек Жумаканов ичин ирээтке келтире албай жатса дагы, ордунан козголбой, кабинеттен чыкпай маянасын алып келет.

Ананчы Жумакановдун ордуна жандооочу кийик аттырат болуп, анын орун басары Муратбек Абдраев деген эргул каалагандай калчап жатканын тармактын кызматкерлеринин баары билет. Болбосо эпизоотология  тармагын тейлеген Мурат Абдраев өз ишин кылбай жергиликтүү райондордогу жетекчилерди конкурстук негизде эмес өзү барып бекитип келип жаткандыгына күбө болдук.

Дегенибиз ЕАЭСке киргенибизге канча жыл өтсө дагы малдарды идентификациялоонун базасын эмдигиче түзүп бүтө элек ветинспекция жетекчи дайындап өзүнчө эле хан сезип жүргөнү жүргөн. Албетте жергиликтүү аймактагы жетекчилерди бекер бекитпээри турган иш, бирок колунан кармап албасак дагы уча жеп, сайрандап жүргөнүн айтышууда. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дейт. Бирок факт болушу үчүн эки үч мисал келтирүүнү туура таптык.

Биринчиси учурда Чүй облусунун айрым аймактарында өзгөчө Жайыл районунда малдын шарп оорусу чыккандыгын жергиликтүү эл айтууда, калк айтса калп айтпайт эмеспи.

Экинчиси Нарын облусунун Ат Башы районун ветеринардык башкармалыгына жеке ветсервис  Үмөтаалы Саалаевди Мурат Абдраев суранып жатып жетекчилик кызматка койгон имиш. Себеби Үмөтаалы Саалаевдин агасы  конституциялык сотто иштеген, өткөн жылдары көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, чачташып, мушташкан кызымды тарбиялай албайм деп моюнуна алган Жедигер Саалаев экен. Конкурстук негизде боло турган жетекчилик кызматты убактылуу милдетин аткарып жаткан орун басарга ишенбей, жеке ветсервиске ишеним артып күнү түшүп калган Калысбек Жумаканов менен Мурат Абдраев башкарып турган ветеринария тармагынын көргөн күнү куурусун.

Үчүнчүсү жогоруда айтылгандай малдарды идентификациялоо боюнча база жабыла элек, Баткен облусунун, Ош облусунун айрым аймактарында дагы деле болсо кулактарныа бирка басмак түгүл санын билбей ветинспекция иш алып барып жатат. Бул берки чекеси, азыр дагы изилдеп жатабыз, өлкөнү артка тартып жаткан ветинспециянын лабораторияларды жеке менчикке кантип берип жаткандыгы жана вакцинация боюнча кандай иш алып барып, кайсыл жеринен акча жегендиги тууралуу жетишээрлик материал топтогондон кийин дагы бул маселеге токтолобуз.  

Булак: lenta312.kg

Последние новости