www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 16-ноябрынан бери Вьетнамдын борбордук бөлүгүндө нөшөрлөгөн жамгырдан пайда болгон суу ташкындары адам өлүмү менен коштолду.

Табигый кырсыктын кесепетинен 91 адам каза болуп, 11 адам дайынсыз жоголгон. Суу ташкынынан болжол 1154 турак үй жабыркап, 1 миллион жаран электр жарыгысыз калган. Мындан тышкары айыл чарбасында 82 миң га күрүч, 117 миң га айыл чарба өсүмдүктөрү жана жемиш плантациялары зыянга учурады. 3,5 миллион үй жаныбарлары, канаттуулар өлгөн.

Вьетнам бийлигинин эсептөөлөрүндө табигый кырсыктын материалдык чыгымы 13 триллион донгдонду (490 миллион доллар) түзгөн.

Ал эми Тайландда селден 2 миллионго жакын адам жабыркап, Малайзияда бир нече штатты суу каптап, 2 500дөн ашык адам эвакуацияланды.

Дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр Кыргызстанда да болушу толук мүмкүн. Мындай кырдаал 2024-жылдын жаз-жай айларында өлкөбүздүн түштүк жана түндүк аймактарында катталып, мамлекетти экономикалык жактан ири чыгымга алып келген.

Последние новости