www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү, 3-октябрда, президент Садыр Жапаров – Жогорку кеңеш 28-сентябрда кабыл алган конституциялык мыйзамга кол койду. Мындай тездик менен – 3 жумуш күндүн ичинде – чанда мыйзамдар ишке кирет. Бул мыйзам боюнча, Конституциялык соттун чечимдерин өзгөртсө болот, андай өзгөртүүлөр – же өлкө президентинин, же Консоттун өзүнүн төрагасынын сынушу менен жасалышы мүмкүн.

Маселе – 30 июнда Консот балага күбөлүк бергенде, анда «атасынын аты» дегендин ордуна «энесинин аты» деп жазуу мүмкүн деген чечим чыгаргандан кийин башталган. Ага чейин Алтын Капалова деген келин өзүнүн үч баласына өз атын жаздыртып алган жана Октябрь райондук соту аны былтыр жокко чыгарган.

Балага энесинини атын берүүгө президент дагы, бир топ депутат жана башка коомдук ишмерлер каршы чыккан. Бирок азыр – Консоттун көз карандысыздыгы тууралуу оркойгон чоң маселе чыгууда жана ага Конституциялык сот өзү да күнөөлүү, анткени мурда саясий себептерден бир топ жетеленди чечим чыгарган.

Последние новости