www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу анын жактоочусу билдиргенин Sputnik Кыргызстан сайты жазып чыкты. 

"Менде азыр бул жөнүндө так маалыматым жок. Азырынча бул жөн эле ушак...Тергөөчүлөр мени күтүп тур дешти, кирип чыккандан кийин жагдай кандай болуп жатканын билебиз",- деп билдирген жактоочусу. 

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин борборунан Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) кармоо операциясы жүргүзүлүп жатканы айтылган. 

Көлбаев кармоо учурунда ок чыгара баштаганын жана анын каза болгонун Кактус медиа сайты өз булактарына жазып чыккан. 

Бирок жериндеги укук коргоо кызматкерлери Көлбаев кармалганын, же өлтүрүлгөндүгүн ырастаган жок.

Азырынча операция жүргүзүлгөн жер курчоого алынып, УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери, милиция кызматкерлери жүрөт. Журналисттер курчоого алынган жерге киргизилген жок.

Камчыбек Көлбаев Кыргызстандагы криминалдык авторитет – Кыргызстандын “смотрящий” деп эсептелген. ММКлар жазгандай, ага 2008-жылдын 23-апрелинде Москвада таажыны (коронован) Япончик лакап аты бар В.Иванков жана Дед Хасан тарабынан кийген. Ал Ысык-Көл облусунун тургуну. Бирок соттордун чечими менен ал толугу менен акталып, мыйзам алдында реабилитацияланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости