www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен улуттардын эксперттери кечээ күнү кыргыз бийлигине кайрылып, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды кабыл албаш керек, анткени анын айрым жоболору Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерге каршы келет деп билдирди. Мындан 3 күн мурда, 3-октябрда, Жогорку кеңештин тартип коргоо боюнча комитети ал мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Негизги маселе – бейөкмөт уюмдар өз каржылоо булактарын ачыкка чыгарып, бийлик алдында отчёт берип туруш керек деген талапта. Жалпысынан алганда, бул жакшы, бирок айрым учурларда андай уюмдарды каржылагандар атын атагысы келбейт. Экинчи жагынан, кайсы бир уюм күмөн тараптан акча алса, аны таап-аныктоо – чалгындоо кызматтарынын милдети.

Бул көрүнүш – кимдир бирөө кылмыш жасашы мүмкүн деп, милиция же УКМК өздөрү иштебей, элдин баарын отчёт берип тургула дегенге окшош. Аны менен катар, жалган маалымат таратуу, митингдерге тыюу салуу же маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамдар – бийлик тарабынан коомго карата мамиле өтө катууланып баратканын көрсөтөт.

Последние новости