www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ванга айткан 2023-24-жылдары боло турган окуяларды окурмандардын эсине салалы. 

2023-жыл аномалдуу коомдук-саясий жана климаттык катаклизмдер менен эсте калат. Тополоңдор ачылыштарга жана адамзаттын жашоосунда жаңы доордун башталышына алып келет. Бул бир эле учурда берекелүү жана коркунучтуу. 2023-жыл адамдын тазалануусун жана руханий кайра жаралышын белгилейт. Жердин тең салмактуулугун бузуп, Жердин орбитасын өзгөртө турган от түшөт.

Океанда силкинүүлөр болуп, бул ири цунамилерди жана жер титирөөлөрдү жаратат. Англия менен Американын түштүк жээгин океан суулары каптайт. Көптөгөн өлкөлөрдө ичүүчү суу, азык-түлүк тартыштыгы жаралат.

Чоң аскердик кагылышуулар болот. Ислам мамлекеттери жаңы аймактарды басып алууга аракет кылат. Түркия мусулман дүйнөсүнүн кызыкчылыгын тебелеп, араб-түрк жаңжалынын жаралуу коркунучу чоң. Түркиянын жээгинде исламчылар менен христиандардын ортосунда кагылышуу болушу мүмкүн.

Европа жети айга созула турган аскердик тирешүүгө кабылат. Көптөгөн адам өлүп, натыйжада жаңы дүйнөлүк тартип болот.

АКШда саясий туруксуздук, жакырчылык жана элдин башкаруучу режимге нааразылыгы 2023-жылдын башында жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Божомолдордо америкалык президент "сырдуу ооруга" чалдыгып, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири автокырсыктан каза болот.

Бир катар аскердик кагылышуулар, экономикалык башаламандык жана оор кризис олуттуу миграцияга алып келет. Адамдар үйлөрүн таштап, тынч, бейпил жерлерди издеп кетет. Бирок бул дүйнөдө тамак-аш жана ичүүчү суунун тартыштыгын гана күчөтөт.

2023-жылы адамдар акча менен от жагат, анткени алар мындан ары эч нерсеге жарабай калат. Массалык баш аламандыктар башталат.

Жасалма интеллект моделдеринин бири өзүн-өзү түшүнүп, бардык компьютер системаларын башкара баштайт. Бул кадимки жашоо образынын толук кыйрашына жана бузулушуна алып келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости