www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр июлда кабыл алынып, президент тарабынан сентябрда кол коюлган тамеки тартууга каршы жаңы мыйзам ага чейин эки жарым жыл бою талкууланган. Ал мезгилде тамеки өндүрүүчү компаниялар улам жаңы коомдук ишмерлер менен бизнес өкүлдөрүн жалдап, ал мыйзам долбоорун жаманатты кылууга аракеттенген. Натыйжада мыйзам долбоорунун айрым авторлору андан баш тартууга чейин барган.

Евразиялык биримдикте 2014-жылдан бери тамеки боюнча техникалык регламент бар, Кыргызстанда кабыл алынган жаңы мыйзамда электрондук тамеки кадимки тамеки менен теңелгенине карабай, тамеки өндүрүүчүлөр акыркы мезгилге чейин электрондук тамекиге карата өзүнчө техникалык регламент иштеп чыгып, аны кабыл алдырууга аракеттенген.

Эгер ал ишке ашса, анда электрондук тамекиге салына турган акциздик салык мурдагы салыктан төмөн болуп калышы мүмкүн эле жана тамеки чыгарган клмпаниялар өз кирешелерин сактап калмак. Бирок жакында, февраль айында, Антикоррупциялык кеңеш Экономика министрлигине кайрылып, жаңы техрегламент боюнча иштерди токтонууну талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости