www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгон болушу мүмкүн делген маалыматтарды текшерип жатканын расмий Киев билдирди. 

Украинаны коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдиргендей, учурда Мариуполдогу учкучсуз аппараттын чабуулунан кийин адамдар дем ала албай, неврологиялык жактан жабыркап жатканы тууралуу кабарлар текшерилип жатат.

«Бул фосфордук курал болушу мүмкүн деген версия бар», - деди Маляр бүгүн, 12-апрелде.

Ал эми Москва бардык айыптарды четке какты.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия химиялык курал колдонушу мүмкүн деген кооптонуу бар экенин билдирген.

«Интерфакс» агенттиги 12-апрелде аймактагы орусиячыл күчтөр да химиялык курал колдонуу тууралуу маалыматтарды четке кагып жатканын жазды.

Британиянын коргоо министринин орун басары Жеймс Хиппи 12-апрелде Sky News телеканалы менен болгон маегинде Лондон да маалыматтарды текшерип жатканын айтты.

Пентагондун өкүлү Жон Кирби Украинада химиялык курал колдонулушу мүмкүн деген маалыматтар Вашингтондо болгонун, бирок ал канчалык ишке ашканын ырастай албастыгын жарыялады.

Орус армиясы Мариуполго бир нече аптадан бери чабуул коюп, курчоого алган. Калаадагы он миңдеген карапайым тургундар гуманитардык кризиске кептелди.

Азов деңизинин боюнда жайгашкан стратегиялык жактан маанилүү порт шаарды алуу Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакты Крым менен түз байланыштырууга жол ачат.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости