www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке караштуу тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев: Биздин комиссия жакында, сентябрда өткөргөн Эл аралык тил форумун туруктуу кылып, биз аны 3 жылда бир өтө турган жыйынга айлантууну көздөп жатабыз. 1993-жылы Ыстамбулда орток латин арибине өтүү чечими кабыл алынган, Азербайжан, Түркмөнстан менен Өзбекстан андан бери латиницага өттү, Казакстан 2025-жылдын 1-январына чейин өтүш керек, биз азырынча ойлонуп жатабыз.

Аны менен катар, биздин өзүбүздүн байыркы жазма тилибиз бар, ал тууралуу профессор Сергей Малов 1940-жылдарда «байыркы кыргыз жазма тили» деген эмгек жазган, бирок кийин, саясий себептерден улам, ал китеп 1952-жылы «Түрктөрдүн енисей жазмасы» деген аталыш менен чыккан. Ошондуктан, «орхон-енисей жазмасы» деген ат менен тарап кеткен ошол байыркы кыргыз жазмасын – битикти – азыркы алфавит менен кошо элге, өзгөчө жаштарга, үйрөтө берсе ашыкча болбойт...

Последние новости