www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине Токтайым Үмөталиева Путин Орто-Азия менен эле чектелбей, Африкага чейин байланыш түзүп, Россиянын саясий таасирин кеңейтип койду деген пикирин билдирди.

—Путин мыкты саясатчы, күчтүү стратег. Ошон үчүн анын деңгээлин Орто-Азия менен ченелбейт. Анын  аброю дүйнөлүк аренада бааланат. Ошон үчүн Россия  менен көп мамлекеттер эсептешет, мамиле түзүшөт. Путин кыйын экен Орто-Азия менен эле чектелбей, Африкага чейин байланыш түзүп, Россиянын саясий таасирин кеңейтип койду. Интеграциялык уюмдарды түзүп, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө жараша иш алып барып жатат. Кыскасы, мыкты президент, күчтүү стратег экенин далилдеди.

Катылгандардын да катыгын берип, мамлекеттин бүтүндүгү, элинин тынчтыгы үчүн болгон күчүн жумшап жатат. Биз ар кайсыны сүйлөп, ыгы жок дооматтарды коюп, пайдасы жок баланча уюмдан чыгып кетишибиз керек дебей, тескерисинче Россия менен мамилени бекемдешибиз керек. 

Мүчө болгон уюмдардан чыгуу да оңой эмес экенин, милдеттемелерди алып, мыйзамдарды кабыл алганыбызды да туура түшүнүп, эриш-аркак иштешибиз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости