www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын демилгеси менен кечээ күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун онлайн-жыйыны болуп өттү, бирок ЖККУга мүчө эмес Азербайжан тараптан көрүлүп жаткан аскерий аракеттерге каршы Арменияга жардам берүүдөн уюм баш тартты. Мындан 2 ай мурда Армения жардам сураганда, ЖККУ – согуш аракеттери Армениянын сыртында жүрүп жатпайбы деп жооп берген.

Былтыр 29-апрелде Кыргызстанга Тажикстан кол салганда, ЖККУ тараптан – сырттан кол салуу болгондо гана жардам берүү мүмкүн, уюм мүчөлөрү ортосундагы маселелер каралбайт деген сыяктуу жооп болгон. Ошондой эле абал 2010-жылдын июнунда Ош окуялары чыкканда да түзүлгөн.

Жамааттык коопсуздук маселелерин чечүүгө бул жамааттык коопсуздук уюму деги эле кудуретсизби деген суроо пайда болот, бирок быйыл январда Казакстан анын жардамы менен ички душмандарын талкалады, анткени сырттан 20 миң куралчан кол салды деген маалымат кийин такталган эмес. Анткен менен, Казакстан жасаганды канча аракеттенсе дагы, Армения же Кыргызстан жасай албай жатат.

 

Последние новости