www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Азаттык” партиясынын саясий кеңеши белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулунун камалышын саясый куугунтук, деп атап Бийликке кайрылуу жасады.
Урматтуу калайык калк!
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мамлекеттик деңгээлде кол коюлган эл аралык келишимдер бийликти адам укуктарын жана эркиндигин сыйлоого милдеттендирет.
Бирок, акыркы мезгилде коомчулукту тынсыздандырган окуялар байма бай орун алууда. Тактап айтканда, эл ичинде нааразычылыктар арбып, багыты башка ой жүгүрткөндөрдүн камакка алынышы, активисттердин кармалышы, көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынына карата козголгон соттук териштирүүлөр өлкөбүздөгү жаңы саясий доордун башталышынан кабар берүүдө.
Ошондуктан “Азаттык” саясий партиясы бийлик кимдир-бирөөнү камоодон мурун коюлган айыптар, өзгөчө бийликтин оппоненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемдешин талап кылабыз. Анткени, чындык бузулганда-бийлик бузулат! Ошондуктан, бийликти оппоненттеринин альтернативдик пикирин сыйлоого чакырабыз.
Баласы атасы үчүн жооп бербейт! Андыктан, Руслан Бекназаровдун экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылып, жыйынтыгында убактылуучу жайга киргизилгенин саясий куугунтук деп эсептейбиз! Анткени, Руслан Бекназаров мамлекет үчүн күйгөн, тажрыйбалуу, билимдүү, ар тараптан өнүккөн, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө чакырган жаш муундун өкүлү.
Буга чейин Руслан Бекназаровду эл ишенип айыл өкмөт кылып шайлаган. Ал жөн гана Айыл өкмөтү эмес инвесторлорду тарткан, элдин жашоо-шартын жакшыртууга шарт түзгөн мыкты Айыл өкмөтү болгон. Президенттин Администрациясында иштеген. Бул кызматка дайындалаарда атайын коопсуздук кызматты текшерүү жүргүзгөн. Анан бийлик бүгүн кантип аны экстремизмге байланыштуу каралап жатат?
Көөдөнүндө мекенчилдик, көкүрөгүндө динди ыйык туткан адам эч качан мамлекетке каршы чыкпайт! Ошондуктан биз Руслан Бекназаровдун актыгына ишенебиз жана ага карата жасалып жаткан саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз!
“Азаттык” партиясынын саясий кеңеши.
Булак: NazarNews.kg