www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Самаркандда ШКУнун саммитинин алкагында өттү.

Путин Жапаровду көрүп, эки тарапты кызыктырган темалар боюнча сүйлөшүүгө кубанычта экенин айтты.

«Биз жакын өлкөлөрбүз, биз стратегиялык өнөктөшпүз, союздашпыз, көптөгөн эл аралык аймактык уюмдарда иштейбиз. Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы бизде соода жүгүртүүнүн көлөмүндө байкаларлык өсүш болду, ал эми быйыл ал абдан жакшы темпте өсүп жатат. Өткөн жылы 46,6% өссө, быйылкы беш айда дагы 30% өстү. Бул абдан жакшы көрсөткүч», - деди ал.

Анын айтымында, Орусия Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантууда. Өткөн жылы каржылык жардам 20 миллион долларды түздү. Быйыл чек арадагы каргашалуу окуядан жабыркаган социалдык инфраструктураны калыбына келтирүүгө дагы 1,5 миллион доллар бөлүндү. Быйыл ушул эле максаттарга 600 миллион доллар которулган.

«Биз муну, албетте, акыркы кайгылуу окуяларды эске алуу менен жасайбыз. Албетте, биз бул теманы талкуулайбыз», - деди Россиянын президенти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости