www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн – Конституция күнү. Былтыр апрелде дагы бир референдум өткөрүлүп, Конституция кайра өзгөртүлгөн жана өлкө расми түрдө парламентаризм багытынан баш тартып, президенттик башкарууга өткөн. Жаңы Конституцияга 5-май күнү кол коюлган, дал ошол 5-май күнү 1993-жылы эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынган.
Ал биринчи конституцияны Кыргызстанга СССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сергей Алексеев жазып берген, андан соң ага Орусиянын мурдагы укук министри Николай Фёдоров кошумча киргизген, кийин ал Чувашиянын президенти болуп шайланган. Айрым кыргыз билермандары каршы пикир айтканда, Алексеев – баары бир эч кимиңер мындан жакшы конституция жаза албайсыңар деп жооп берген дешет.
Азыр Кыргызстанда – 1993-жылдагы Конституцияга кайтууну талап кылган кыймыл да бар, анткени андан кийинки жылдары ал улам жаман болуп өзгөртүлүп келген. Бирок эң негизги маселе – кандай Конституция же мыйзам кабыл алынса дагы, бийлик баары бир билгенин кылат, кайсы бир мыйзам өтө эле жолтоо болсо, – аны жөн гана өзгөртүп салат.
Булак: NazarNews.kg