www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент деген оор басырыктуу болушу керек», - деди бүгүн, 5-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Президенттин өзү баш болуп футбол ойногону, спортко өтө маани бергениби? Эми футбол мамлекеттик деңгээлде өнүгөбү?

- Президент деген оор басырыктуу болушу керек. Сузакты суу алып, Алайда алай-дүлөй сел каптап жатса, жок дегенде тиштенип, кабакты катуу бүркөп, «сопереживаю» дегендей тиктеп турушу керек болчу. Кеңешчилери начар го.

Ал эми, футболдун өнүгүүсү ошол «профи» футболчулардын материалдык-техникалык камсыздоосунан көз каранды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров баштаган президенттин администрациясынын командасы футбол боюнча «Мурас» достук мелдешине катышууда.

Спорттук иш-чарага 12 команда катышууда. Алар: Президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин аппараты, ата мекендик футболдун ардагерлери, дин жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, медицина кызматкерлери, мугалимдер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорт федерацияларынын, бизнес-коомчулук жана маданият ишмерлеринин өкүлдөрү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости