www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исмаил Исаков экөө «Коомдук кеңеш» аттуу кыймыл түзүп чыгышпадыбы. Күзгө карай Бекболот Талгарбеков уюмдун ишмердигин чыңалтып, ырааттуу сунуш, курч сын-пикирлер менен көпчүлүктүн көңүлүн бурдурмакчы.
Бул жагынан алдын ала «жыландын башы» кылтыюуда. Катарлары дагы калыңдап, таасирдүү саясатчылар, партиялар менен толукталып отурса, оппозициялык талааны ээлеп калышары ажеп эмес.
Аныгында, элди ынандыра турган кадамдарды жасашып, коомчулуктун тамырын кармоо менен саясат жүргүзө алышса, анда элестете бергиле... Ошентип, жалпы катмардан колдоого алынып кетсе, Талгарбеков башында турган уюм бийликке тамашаны көрсөтүшү мүмкүн.
Күмөнүбүз жок. Себеби, Бекболот мырза күрөшчүл адам, тажрыйбалуу, түрмөдөн да сынбай, тескерисинче, чыйралып чыккан. Алтымыштан ашып, акылы толуп турган чакта чегинбесе керек. Тарыхка из калтырууну биринчи максат катары көкүрөгүнө түйүп алдыбы?
Булак: Азия News гезити