www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына! Бийликке илинбей калган «Улуттар биримдиги» партиясынан Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Бейшен Болотбеков, Саитжан Эратов жана башкалар радикалдуу оппозициялык топко кошула алышпай, азырынча «Коомдук кеңешке» корголошору болжонууда. Сындабай бийликке сунуш айтышса жакшы да. Коркунучу аз.

Бирок «Коомдук кеңеш» келечекте элдешкис оппозициялык күч катары чыңалып кетсе, анда кантишет? Кайрадан ойт беришеби? Кызыгы, азырынча «Улуттар Биримдиги» сыяктуу эки жакка кылчактаган партиялар, саясатчылар арбын. Мезгил удулуна жараша алардын баары иргелет.

Чээнде кылтыйып жатышкандар бийликтин рейтинги түшө баштаганда атырылып чыгышат эмеспи. Мындайды 30 жылдык саясый практикадан көрүп келе жатабыз. Кыкеңдердин «тыңчыкмалары» куйтуланып, эки жүздүүлөнө беришип, аягы өздөрү да, элди дагы жыргатпай арабөк калышабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости