www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызматында бир жыл эки ай гана отурган омбудсмен Абдрахматова жумуштан кетээри менен анын ордуна ар башка саясатчылар менен чиновниктер көрсөтүлө баштады. Бирок адам укуктары тууралуу дээрлик эч сөз айтылбайт, башкы маселе – мурда кандай кызматта иштегенсиң, кандай деңгээлдеги тааныштарың бар же бийликке жагасыңбы?

Өлкөдөгү адам укуктарын коргогон эң биринчи адам деген маанисин омбудсмен кызматы жоготкон, деги эле адам укуктарын коргоо деген түшүнүктүн дагы ашмалтайы чыгарылган, анткени бул кызматты ким гана ээлеген жок. Жана өлкөнүн баардык тармагындагы жагдай ушундай. Айлыгы жогору эки жүздөй мамлекеттик кызмат бар болсо, ошол орундар үчүн баардык 7 миллион адам күрөшө тургандай.

Жеңишке болсо – ошол кызматка эң ылайыктуу же билими менен адистиги туура келген адам эмес, эң катуу кыйкырган, же колдоочулары көбүрөөк болгондор жетет. Албетте, жердешчилик менен тууганчылык, классташтык менен кадимки эле байлык дагы болууга тийиш жана башкаларды жөөлөп өтүүгө маш болуш керек.

Последние новости