www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдагы июнь окуялары боюнча сот башталды. Ал окуяларды уюштурган деп эсептелген Кадыржан Батыровдун сыртка чыгып кетишине көмөктөшкөн деп Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсү күнөөлөнүүдө. Кезинде ал окуяларды бардык тарабынан иликтеген комиссиялар дагы Убактылуу өкмөткө күнөө койгон, бирок ал күнөөлөр боюнча эч кандай сот жок.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ошол кезде эле июнь окуяларын үчүнчү тарап уюштурган деп айткан. Ошол эле үчүнчү тарап – Кыргызстанда парламентаризм тарапка бурулган Убактылуу өкмөттү сынга алып, андай иштер жакшылык менен бүтпөйт деп айтып келген жана июнь окуялары ошонун жыйынтыгы болгон.
Бирок аны дагы бийлик иликтебейт, азыркы соттор болсо – Ак үйдү коргогон милициялар ортосундагы араздашууга окшош. Кезектеги революция учурунда милиция Ак үйдү кайрадан коргой албай калат дагы, 10 жыл өткөндөн кийин бири-бирин сотко берип, жетекчиси бир-эки милицияга отгул берип, бошотуп ийген, ошондуктан коргоо иштери ийгиликсиз болуп калган деген сыяктуу...