www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев Бүткүл дүйнөлүк этноспорт федерациясынын президенти Неджмеддин Билал Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу Султан Раев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, Түркиянын Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдыктар аягына чыгууда.
Бүткүл дүйнөлүк IV көчмөндөр оюну жакындаган сайын кызыгуу күчөп баратат. Түркиянын Изник шаарында өтүүчү Көчмөндөр оюнуна карата даярдыктар (курулуш иштери) аягына чыгууда. Ошол эле учурда бир топ орчундуу маселелер да бар экендиги талашсыз.
Бүткүл дүйнөлүк этноспорт федерациясынын президенти Билал Эрдоган менен да ошол маселердин айланасында сүйлөштүк. Дух менен рухтун өзөгүн камтыган көчмөндөр оюнунун программасы такталууда.
Билал Эрдоган менен оюндун салтанаттуу ачылышынын концепциясын талкууладык. Бул эң маанилүү иш-чаранын үстүндө эл аралык режиссердук - коюучу топ иштеп жатат. Кыргыздын руханий бренди биринчи жолу четте, Түркияда өткөнү турат.
Кыргызстандан спорт жана маданий чоң делегация келээри күтүлүүдө…», - деп белгилеген Раев.
Эске салсак, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркияда өтөт. Алгач иш-чараны Бурса провинциясындагы Бурса шаарында уюштуруу пландалган, бирок 2020-жылдын күзүндө коронавирус пандемиясынан улам жылдырылып, кийин Изник шаарына которулган.
Булак: NazarNews.kg