www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин расмий сайты ишке кире элек. Учурда аны калыбына келтирүүгө аракет уланып жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Алардын айтымында, сайтка хаккердик чабуул болгон.
Парламенттин расмий сайты иштебей жатканына 15 күндөй болуп калды. Сайтта парламент депутаттарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтардан сырткары, коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлору дагы бар. Эс алуудан кийин Жогорку Кеңеш ишин күзүндө баштайт.
Кыргызстанда өкмөт, мамлекеттик органдардын сайттары бузулган учурлар көп болгон. Акыркы жолу Жогорку Кеңештин сайты 2020-жылдын октябрь айында бузулган.
Булак: NazarNews.kg