www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Отузга жакын жарандык активист камакка алынды жана күч түзүмдөрүнүн бул жапырт аракеттерин соттор да мыйзамдаштырып берди. Мындай окуялар Иран же Кытайда, акыркы мезгилде Орусияда болуп келди эле, бирок эң ммаанилүүсү – эл аралык уюмдардын сынына карабай, кыргыз коомчулугу мындай көрүнүштү жалпысынан тынч эле кабыл алды.
Кармалгандар Батыштын тыңчылары болушу ыктымал деген ой да маалымат каражаттары аркылуу кеңири тарай баштады, анткени кармалгандардын айрымдары батыш уюмдарынан грант алган. Пропаганданын айынан, андай тыштан каржылоо тапкандар дароо эле «эл душманы» деген атка конот.
Бирок тыштан эң көп акча алган – өкмөт өзү, өзүң кылгандай аракеттенген башкаларды ошол үчүн күнөөлөгөн – пропаганда ыкмасы. Дагы бир пропагандалык ыкма – бийликти басып алууну көздөгөн деп айыптоо. Мүмкүн, бийликти кулатуу аракеттерин кимдир бирөө чындап эле даярдаган, бирок ошол бузукуларды таап-кармагандын ордуна өзүңө жакпагандарды ошондой шылтоо менен кармоо – бийлик үчүн өтө ыңгайлуу.