www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы болуп депутат Чолпон Султанбекова шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Султанбекованын талапкерлигине 81 депутат макул, экөө каршы добуш берди.
Эске салсак, депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу боюнча арыз жазган. Анын мындай чечимге келүүсүнө Кемпир-Абад боюнча келишим себеп болгонун билдирген.
Булак: NazarNews.kg