www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Павлодар облусунун акими Абылкаир Скаковду кызматтан алды. Бул тууралуу Акордо кабарлады.
Облус акиминин милдетин аткаруучу болуп Олег Крук дайындалды. Ал буга чейин акимдин биринчи орун басары кызматында иштеп келген.
Скаков Павлодар облусундагы 150 миң киши жашаган Экибастуз шаары суукта жылуулуксуз калган маалда кызматтан алынды. 27-ноябрга караган түнү жергиликтүү жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) экран куурларындагы аварияга байланыштуу № 11 от казан ишин токтотуп, андан соң дагы үч агрегат иштен чыккан. Жыйынтыгында 30 градустук суукта ондогон көп кабаттуу жана жеке үйлөр, социалдык мекемелер жылуулуксуз калган.
Жылуулук электр борборундагы бул кырсыкка байланыштуу Экибастуз шаарында техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган. Анда Павлодар облусунун акими Абылкаир Скаков шаар тургундары жарым-жартылай эвакуацияланганын билдирген.
Өлкөнүн Атомдук жана энергетикалык көзөмөл комитети менен Энергетика министрлиги ЖЭБдеги авария боюнча тергөө иштери башталганын кабарлаган.
"Казинформ" мамлекеттик басылмасы облустук акимчиликке шилтеме кылып, азырынча шаардагы 132 көп кабаттуу жана 114 жеке үйгө, ошондой эле 13 социалдык объектиге жылуулук берүү калыбына келтирилгенин жазды. 1-декабрга карата дагы 17 көп кабаттуу үч жылуулуксуз калууда.
Булак: NazarNews.kg