www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев: «Мага эч ким кысым кыла албайт»

- Балбак мырза, «Ынтымак» саясый партиясына кошулганыңда бекеринен эмес чыгар?

- «Ынтымак» саясый партиясынын түптөлүшүнө катышкан эмесмин. Кийин келип кошулдум. Жергиликтүү бийликтин Бишкек шаардык кеңеште, андан кийин Жогорку Кеңеште депутаттардын болгондугу саясый аренада «Ынтымактын» орду жана күчү бар экенин билгизип турат. Биз кыргыз элинин өнүгүп-өсүшүнө гана көмөкчү боло турган, элди алдыга жылдырып кете турган бекем позициясы бар партиябыз.

Азыр ЖКда эң көп мыйзамды демилгелеп чыгарган «Ынтымак» партиясы. Ар бир депутаттын өзүнүн көз карашы бар. Бирок, кээ бир чечүүчү маселелерге келгенде бир позицияда болобуз.

- Мен билгенден Жогорку Кеңеште ыктыярчылар тууралуу мыйзамды демилгелеп аттың эле...

- Бул мыйзам ЖКда биринчи окууда өттү. Мени менен кошо эки-үч депутат ыктыярчылар боюнча, ТСЖ (товари- щество собственников жилья), мындайча айтканда, бир үйдү биргелешип башкаруу жана бийик тоолуу райондор боюнча мыйзамдарды бышырып жатабыз.

Быйылкы жылга ушу үч мыйзамды ЖКдан өткөрүп алсам, мен үчүн чоң жетишкендик болот эле. Ушул үйлөрдө ТСЖнын башчылары туура эмес башкарып, бөлүнгөн тийешелүү акчаларды уурдап алып, качып кетип атышат. Бул аябай чоң көйгөй экен.

- Парламентте жогору жактан партияга же сага кандайдыр бир кысым болуп жаткан жокпу?

- Ачык эле айтып коёюн, мага эч ким кысым кыла албайт. Ушуга чейин болгон жок. Мамлекеттик маанидеги эл үчүн мыйзамдар бар. Биз ушуларды өзүбүз колдоп беришибиз керек.

Анан жөндөн-жөн келип, «мобу мыйзамды колдоп бер» деп мага жана фракцияга кысым кыла албайт. Ооба, келип сурангандар бар. Бирок, биз суранып келгендерге кана, ушул суроого жооп бер, тиги маселени бизге түшүндүр» дейбиз. Эгер биздин көз караш менен дал келсе, анда биз колдоп беребиз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости