www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» бажысында 1 миллион сомдон ашык суммадагы контрабандалык табигый уютунду кармалды.

Бажы кызматынан маалымдашкандай, «Манас» аэропортунун аэровокзалдык комплексинде жүргүнчүлөрдү бажылык көзөмөлдөө жүрүгүзүүнүн алкагында «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган.

2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек-Дубай авиакаттамы менен учуп келе жаткан Fly Dubai авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөл зонасынан өтүүдө, Кытай Эл Республикасынын жараны «И.Т.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) кармалган.

Жарандын рюкзагын текшерүү учурунда бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери жок сары металлдан табигый уютундулар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 240 граммды түзгөн.

Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 1 048 836 сомду түзөт.

Факты катталгандан кийин материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости