www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Радикал исламчылар даваат жана таалим аркылуу жаштарды, аялдарды үйлөргө жыйнап, динге үгүттөө аркылуу диний маңкуртка айландырууга аттанып киришти. Мындай пикирин Бек Жайчыбеков билдирди.
"Курултайдын биринчи күнү жарыш сөзгө сурансам деген ниет менен бир аз даярдандым. Юридикалык-укутук жагына тишим өтпөгөнүнөн Абдымамбет Сариевке кайрылып, түнү бою уктатпай жардамын алдым. Экөөлөп жазганымды көтөрө бардым, секретариатка тапшырып койдум. Жарыш сөз өтө кыска болгондуктан (3 мүнөт) кайра бир нече жолу кыскартып дагы келдим. Суранып кат жибердим, мага кезек жетчүдөй эмес, ошондуктан дагы да секретариатка тапшырып коюп отуруп калдым. Бул темага бир көксакал киши учкай кайрылып кетти, мен коштоп кетсем сонун болмок деп койдум. Курултайда көтөрүлбөй калган темабыз менен таанышып койгула:
Урматтуу Конституциялык, Элдик Курултайдын делегаттары!
Мен бул темага жазаардан мурда көп ойлондум. Бул - Дин маселеси. Учурдагы диндин абалы. Албетте, дин - өтө аялуу, адамдардын ички сезиминдеги эң баалуу нерсе. Бирок аны кабыл алуу, ага деген ишеним өтө өзгөрүп бара жатат. Элибиз, биздин ата-бабаларыбыз кармап келген ислам түп тамыры менен өзгөрдү. Бизде дин ишеними эзелтен ханафий мазхабынын негизинде келди. Анда жашаган өлкөнүн жергиликтүү үрп-адатына салмактуулук берилген, шариятка каршы болбогон бардык салттары, маданияты, ислам дүйнөсүндө укуктук системага кирген. Ушул касиеттеринин же артыкчылыгынын аркасында Ханафий мазхаб дүйнөгө өтө көп тараган исламдагы суннит мектеби болуп эсептелет.
А иш жүзүндө кандай? Эгемендик алгандан кийин өлкөбүзгө ар кайсы агымдар каптап кирип, өз билгенинче саясатын таратып ата-бабалар аздектеген ханафий мазхабын четке сүрүп таштады. Аны менен бирге кылым карыткан кыргыздын салты-наркына арам колун сала баштады.
Мисалы мен ар бир дин ишенимин сыйлайм. Азыркы динчилдер келгенге чейин мен мусулман кыргызмын деп сыймыктануу менен айтаар элем.
Мен жазганда ар жак, бери жагын карап, чыныгы дин ишенимине аяр мамиле кылып көңүлүнө тийбеске аракет кылам. Бирок ага түшүнгөн адам жок. Алар сенин жазганыңды окубайт деле, окуса да түшүнбөгөндүр. "Анан айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" мен болуп калам. Бизде таланттуу, мезгилге жараша ойлонгон акылдуу, дымактуу жаштар бар. Бирок алардын дин жөнүндө жазгандарын алар түшүнө албасын, түшүнгүсү келбесин билем. Анан биздин интеллигенция, ак сакалдар, окумуштуулар, өнөр адамдары башын кумга каткан эле төө куштардай. Арасынан бирин-экиси чыгат дечи, жок дебейм.
Казактарда бул күрөш чоң масштабда, адамдардын, коомдун бардык катмарын камтыган. Аларда кыска жана нуска жазып, түшүнүктүү тил менен массага жеткизе тургандар өтө көп. Арасында коомдук ишмерлер, акын жазуучулар, окумуштуулар, сексенге таяп калган аксакалдар бар. Мен ошолорду которуп Кыргыз элиме жеткирүүгө аракет кылып келем.
Бирок күндөн-күнгө кара тумоодой элибиз ичинде жайылып бара жаткан исламдын секталары, алардын динге мамилеси, баарыбыздын көңүлүбүзгө көк таштай тийгени бекер эмес.
Куранды колуна кармабай туруп, базарда жайнаган, чала молдолор жазып койгон жеңил-желпи диний китептерди окуса окугандыр, түшүнгөндөрүн кудай билет, көбүнчө чала сабат түркөйлөрдүн өз билгенин таңуулап тажатканын айткым келет.
Бийлик урматтап, сыйлыгын берип көкөлөткөн ажыкелердин мумия, теңирчи, калмак деп элди бөлүп койгон аттары динфанаттарынын оозунан түшпөй төл сөздөрү болуп калды, өлүгүн бакка илип салган, ит кушка жем кылган деп кылым карыткан улуу улутубузду басмырлап, баалуулуктарын жерип, кечээки эле эл – еврей менен арабтардын элин, жерин, жашоосун туу көтөргөн бузукулар бийликке аралашып, кыргыз элин ичинен иритип, "Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман", деген сөздү далилдеп, чыныгы жүзүн ача башташты. Бул жөнүндө сөз көп, дагы айтылаар, жазылаар дейм. Баса, Теңирчи, маңкурт деп сөгүнүп, какшанган, мусулманбыз деп атангандарга түшүндүрүп коёюн. Балким ким маңкурт экени эстерине келишээр. Алардын башына шири байлабай эле, аалымдары жөө жомок кайталап айта берип айнытып, мал-маңкуртка айлантып жаткандарын билсе кана.
Чыңгыз Айтматов боюнча маңкурт — туткунга түшкөндөн кийин акыл-эсинен ажыратылган, өз кожоюнуна толук баш баш ийип, айтканын кылган, мурдагы жашоосун такыр унуткан кул.
Каймана мааниде "манкурт" өзүнүн тарыхы, улуту менен тамыры үзүлгөн, түпкү тегин унуткан адамды айтат. Тексиз, жетесиз, адамдык касиетинен ажыраган кул мүнөздөргө колдонулат.
Айтаарым, касиеттүү Куран китепти ыйык көрүп, ак жоолукка ороп, жогору жакка кастарлап коюп эле унутуп калбай, ар качан эсиңе салып, Ал деле Кудай сыяктуу сенин жаман иштериңди байкап турат деп ишенип, адам болууга умтулса дегеним. Арабча окуй албаса да котормолорун окуп, кабыл алууга, эмне жазылганын түшүнүүгө аракет кылса, дин эмне экенин, ишеним эмне экенин түшүнүп, Курандан, Кудайдан жөө качкан сектант аалым, чала молдолорду ээрчибей жан дүйнөңдү тазалап, жүрөгүң эмне дээрин да уга жүрсөңөр дегеним.
Динди диндей кармап, анча фанат болбой эле, мусулманбыз деп сыймык менен айтып келдик эле. Эми башка өлкөгө батпаган, өз эли жериген, бузулган ар кайсы агымдар (секталар) келип ар ким билген намазын окуп, кыргыздын башын айлантып, айнытып салды. Менин таң калганым, азыркы дин кызматкерлеринин, элге таанылып, кумир болуп калган аалымдардын эмнеге мынча Теңир деген аттан коркуп, аны адамдарга Азезилдей көрсөтүп жаткан себеби эмнеде? Деги эле Теңир деген эмне? Теңирчилик деген эмне?
Ал биздин элдин ишеним-ынанымы, дүйнө таанымы, ааламга көз карашы... Теңирчилик – ал жөн гана Кыргызчылык. Кыргыздарды Кыргызчылык менен коркутуу – бул абсурд.
Макул, буга ким кандай көз карашта - өз иши, өз ишеними.
Менин айта турганым башка. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинде; "Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет" деп жазылган. А чындыгында кандай?
Дагы бир жолу кайталаймын: Радикал исламчылар мугалимдерге хиджап аркылуу чабуул коюп, мамлекеттик мекеме болгон, бюджеттен каржыланган мектептерди талаш-тартыштын, ызы-чуунун майданына айландырды. Мындай жоруктун өзү мыйзамдарды тоотпогон, салтты сыйлабаган Ханафий мазхабдан четтеген, жоолук-хиджап маселесин асмандатып Конституциянын 34-беренесин бурмалап, радикал исламчы молдолордун, чет мамлекеттен каржыланган диний уюмдардын мектептерге чабуул коюп жатканы эмне?
Кийим, тактап айтканда мектеп формасы же хиджап-жоолук бул – көзгө көрүнүп турган, колго кармала турган материалдык нерселер. Ал эми дин бул – көзгө көрүнбөй турган, колго кармалбаган руханий нерсе. Окуучунун бирдиктүү формасы бул – мамлекеттик мекеме болгон мектеп системасына таандык кийим. Динди бетке кармап хиджапты мектеп окуучуларына таңуулоо бул – мектеп дирекциясын жана Өлкө Бийлигин дин аркылуу кысымга алуу болуп эсептелет.
Мындан тышкары, радикал исламчылар даваат жана таалим аркылуу жаштарды, аялдарды үйлөргө жыйнап, динге үгүттөө аркылуу диний маңкуртка айландырууга аттанып киришти. Кыргыздын салты менен эриш-аркак жашаган Ханафий мазхабга туура келбеген мындай жорук элди бузуп, бөлүп-жарып, кыргыз мамлекетин ичинен иритип ойрондоого ылайыкташа баштады.
Алар өз ишмердигин өлкөнүн бардык бутактарына, бардык мекеме, ишканаларда, бийликтин жогорку катмарына, баарынан коркунучтуусу билим берүү тармагына да жылып кирип өз билгенин жасай баштады. Жаш муундарды дин менен уулоо бул – кылмыштын жеткен чеги, бул – келечек муундун тамырына балта чабуу. Ошону түшүнгөн адам барбы?
Медреселер, жайкы лагерлер, бала бакчадагы дин тарбиясы, наристелерди намазга үйрөтүү, мунун бардыгы эмнени айтып жатканы ойлондурабы?
Ал эми кыргыздын эзелки салты-наркын, кылым карыткан маданиятын, жоготпой сактап келген үрп-адатын жокко чыгарып, а түгүл маркумду узатуудагы ырым-жырымдарды, урматтап узатууну, аларга Куран окуганда өтүп кеткен адамды унутуп коюп Авраамдан баштап семит диндериндеги еврей пайгамбарларына, алардын сахабаларына жана жакындарына арнап бата, алар айткандай дуа кылганы кандай? Эң жүрөктү титиреткен, жаратканга да жакпаган – бул алардын арбак жок дегени! Эмне айтууга болот?
Арбакты сыйлоо, урматтоо, эскерип туруу – бул маркумга тирүүлөрдүн вазийпасы, бул – биздин келе жаткан салтыбыз. Азыркы өткөзүлүп жаткан куран окутулуп, бата берүү, аш-жылдыгын өткөзүүнүн маани маңызы ошого такалат. Бул тууралуу Мухаммед пайгамбар да «маркумдун артынан жаман сөз айтпоону, ата-энесинин достору менен көзү өткөндөн кийин да алаканы үзбөөнү, жалпы маркумдарга куран окуп, бата кылып жүрүүнү» керээз кылып калтырган.
Өткөндү эстеп, келечегибизди күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз. Ушуну унута көрбөйлү!", - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg