www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-май күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде жаңы демөөрчүлүк жана өнөктөштүк келишимдерге кол коюу, ошондой эле учурдагы келишимдердин мөөнөтүн узартуу боюнча расмий азем өттү.
Иш-чарага футбол биримдигинин өнөктөш компанияларынын жетекчилери, ошондой эле ата мекендик футболду колдогон уюмдардын коммерциялык жана маркетинг өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулап, узак мөөнөттүү өнөктөштүктү улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Аземдин алкагында бир катар жаңы келишимдерге кол коюлуп, айрым учурдагы демөөрчүлөр менен кызматташуу мөөнөтү дагы узартылды. Бул кадам футбол биримдиги менен өлкөнүн ири компанияларынын ортосундагы өз ара ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Келишимдерге — Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кол койду.
Кыргыз футбол биримдиги өнөктөштөргө жана демөөрчүлөргө ата мекендик футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Белгиленгендей, мындай кызматташтык улуттук курама командалардын өнүгүшүнө, балдар-өспүрүмдөр футболун колдоого жана жаштар арасында спортту жайылтууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Иш-чаранын алкагында төмөнкү уюмдар менен келишимдерге кол коюлду: