www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында чет элдик инвесторлор менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлордун «Каракол» эркин экономикалык аймагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча сунуштары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ысык-Көл облусунун аймагында кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндөгү башка долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана заманбап технологияларды киргизүү келечегин талкуулашты.
Компаниялардын өкүлдөрү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, Ысык-Көл облусунун өнөр жайды жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында инвесторлордун берилген сунуштарын биргелешип иштеп чыгууну улантуу жана мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди.