www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтыла баштады. Аны жакындан тааныган адамдардын айтымында, ал токтоо мүнөзгө ээ, мыйзамды сыйлаган жана чечим кабыл алууда калыстыкты карманган жетекчилердин бири катары мүнөздөлөт. Айрыкча мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы, тартипти бекем кармаган мүнөзү жана кызматкерлер менен иш алып баруудагы этият мамилеси белгиленип жатат. Бул тууралуу белгилүү журналист Асланбек Сартбаев арыба.кж сайтына жазып чыкты. 

Чынында соңку күндөрү күч түзүмүндөгү кадрдык өзгөрүүлөр коомчулуктун көңүл борборунда болуп жаткан маалда, УКМКдагы ички абал жана жетекчилик курамдын ишмердүүлүгү дагы талкууга түшүүдө. Айрым серепчилер менен саясатка жакын чөйрөлөрдө Жумгалбек Шабданбеков алдыдагы мезгилде өз командасын калыптандыруу жана мекеменин ичиндеги тартипти күчөтүү багытында иш алып барары айтылууда.

Ошондой эле айрым булактарда төрага айрым орун басарлардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушу керектиги тууралуу кептер айтылып жатканы маалымдалууда. Мындай сөздөрдүн чыгышына мурдагы жетекчи Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийинки айрым дайындоолор себеп болгону айтылууда. Коомчулук арасында “айрым кадрлар шашылыш дайындалып калган болушу мүмкүн” деген божомолдор дагы жок эмес.

Бирок азырынча бул маалыматтар расмий түрдө тастыктала элек. Ошол эле учурда эксперттер мамлекеттик коопсуздук тармагында ар бир чечим кылдаттык менен кабыл алынышы керектигин белгилешүүдө. Анткени УКМК өлкөдөгү эң жооптуу түзүмдөрдүн бири болгондуктан, жетекчиликтин ар бир кадамы коомчулуктун жана бийликтин көңүл чордонунда болот.

Жумгалбек Шабданбековдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө баа убакыт өткөн сайын берилери айтылууда. Коомчулук болсо жаңы жетекчиден мыйзамдуулукту бекемдөө, ички тартипти күчөтүү жана ачык-айкын иш жүргүзүү боюнча жыйынтык күтүп жаткан учур.

Сыртынан караганда өз ордун билген, маселени олутту чечкен, Жумгалбек Шабданбеков бөрк ал десе баш албаган акылдуу экени даана байкалып турат.

Последние новости