www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-ноябрдан 18не чейин Кыргызстандын борбору Бишкекте жылда болуучу адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык «Бир дүйнө» фестивалы өтөт.

Уюштуруу комитетинин чечими менен, XVI «Бир дүйнө – 2022» кинофестивалы «Климат жана кризистер: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал, Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн альтернативалар» темасына арналат.

Конкурстук программага Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн келген 22 тасма катышат. Фильмдерде авторлордун көз карашы аркылуу азыркы замандын адамдарын санааркатып келген климаттын өзгөрүшү жана кризистердин таасири тууралуу эң маанилүү темалар чагылдырылат:

Кеңири масштабдагы согуштан баштап, коронавирус пандемиясы менен күрөшүү, гендерлик теңсиздиктен жана дискриминациядан таза айлана-чөйрө менен ден соолука жетишүү, ошондой эле жарандардын татыктуу эмгекке жана жашоого болгон фундаменталдык укуктары боюнча маселелер камтылган.

«Бир дүйнө» кинофестивалынын координатору Лира Асылбек: «Негизги тема – кризистер жана кырсыктар учурунда адам укуктарын коргоо, анткени так ушундай сыноо учурунда Туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу үчүн альтернативдүү стратегияларды табуу өтө манилүү, ал үчүн адам укугун жана эркиндигин сактоо, бийликтин баардык тепкичинде чечимдерди кабыл алуу процесстерине  жарандардын бирдей укукта катышканы шарт», – деп белгилейт.

«Ар бир каарман сөзүм элге жетсе экен дейт, алардын ар бири цивилизациянын өнүгүүсү зыянсыз жана агрессиясыз өтүшүн каалайт. Ар бир тасманын негизинде – коом баардык жандар үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүн, акылга сыйган жана универсалдуу мыйзамдарды сактоо менен, ресурстарды башкаруу адилеттүү жана түшүнүктүү болушун камсыздаш керек деген ой жатат» – дейт «Бир дүйнөнүн» Директорлор кеңешинин мүчөсү Вихрам Рузахунов.

«Бир дүйнө – 2022» фестивалынын форматы бул - ар башка кризистерден чыгууда эң мыкты тажрыйбалар менен алмашуу. Өз тажрыйбасы менен фестивалдын эл аралык өнөктөрү, БУУнун кыйноолордун алдын алуу боюнча подкомитетинин шайланган мүчөсү (2023-2026), мурунку баяндоочу-төрага, мыйзамсыз кармоолор боюнча жумуш тобунун мүчөсү (2016-2022) Элина Штейнерте бөлүшөт.

Монголиялык укук коргоочу Урансуж Гомбосурен Монголиянын укук коргоочуларынын укугун коргой турган жаңы мыйзам тууралуу айтып берет, жарандык лидер, экология жана адам укугу үчүн күрөшкөн «Viso Mutop» мекемесинин башчысы Педро Гарсиа Аренас Колумбиядагы ар башка социалдык, саясий жана этникалык топтор ортосунда сүйлөшүү аянтчаларын өнүктүрүү тууралуу тажрыйбасы менен бөлүшөт.

– Швециялык журналист, режиссер жана продюсер Андреас Роксен менен эл аралык «Docudays UA» (Украина) фестивалынын укук коргоо департаментинин координатору Ксения Шиманская адам укугун искусство жана инновациялык стратегиялар аркылуу алдыга жылдыруу тууралуу айтып беришет.

Климаттык коопсуздук, жарандык жана саясий укуктар, социалдык, экономикалык жана маданий укуктар, бийликтин баардык деңгээлинде чечимдерди кабыл алууда жергиликтүү жарандардын ролу, кризис жана кыйынчылыктар учурунда укук коргоочуулардын ишмердиги, жазасыздык менен күрөш, балдардын укугу, гендерлик теңчилик жана дискриминацияны жоюу боюнча мастер-класстар менен тематикалык лабораториялар өтөт.

Заманбап немец кинематографиясынын өкүлү, германиялык режиссер Ульрих Гаульке документалист-режиссерлор үчүн мастер класс өткөрөт. Атайын программанын алкагында Гаульке өзүнүн Comrades in Dreams» («Кыялдаш өнөктөр») аттуу даректүү тасмасын көргөзөт, көрүүчүлөр үчүн режиссерго суроо берип, фильмди талкуулоого катышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошондой эле, филиппиндик көз карандысыз Rappler жаңылыктар сайтынын тайманбас негиздөөчүсү, «демократиянын негиздери жана тынчтыкты бекемдөөгө болгон сөз эркиндигин коргоону бекемдегени үчүн» 2021-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгына татыктуу болгон журналист Мария Рессанын «Thousand Cuts», аттуу фильми тартууланат. Кинокөргөзүүлөр «Азия-молл» сода борборунун «Бродвей» кинотеатрында атайын программа менен өтөт.

«Бир дуйнө» кинофестивалы International Federation for Human Rights, Civil Rights Defenders, Front Line Defenders, CSP (The Civic Solidarity Platform), Forum-Asia, WLP (Women Learning Partnership), BICE (International Catholic Child Bureau) уюмдары, Борбор Азиядагы эмгек укуктары боюнча мониторинг миссиясынын катышуусу аркылуу, ошондой эле, Чыгыш Европа менен Борбор Азия партнерлорунун колдоосу менен, КР региондорунун жергиликтүү активисттери жана фестивалдын волонтерлор командасы менен биргеликте өткөрүлөт.

Тилектештик, диалог жана инновациялык форматтагы «Адам укуктары искусство аркылуу» («Human Rights through Art») плюрализм аянттары фестивалда баардык адамдарды бириктирип, кийинки 3 жылга позитивдик өзгөрүүлөр үчүн негиз түзүп, жаңы стратегияларды жаратат.

 

 

Последние новости