www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болгонун бүгүн, 10-ноябрда аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, жигит ашказанынан кан кеткенине байланыштуу каза болгон.

Ал эми, аскердин бир тууган эжеси инисинин кеткенине 1,5 ай болгондугун билдирди.

«Иним Таалай уулу Айжигит 18 жашта болчу. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ташарык айылынан. Аскерге кеткенине 1,5 ай болгон. Өз каалоосу менен кеткен. Бүгүн сөөгүн карматып коюшту. Айдаркенге бөлүнгөн экен. Түндө ата-энесине «уулуңардын дене табы көтөрүлүп жатат» дешкен. Ойлорунда эч нерсе жок барышкан. Көрсө, жансыз денеси өлүкканада экен. Ичин жарып, тигип коюшкан. Оозу скотчтолгон. Скотчту алганда эле оозунан кан атып чыгыптыр. Боорун эзип койгон деп жатышат. Денесинде таза жери жок, капкара. Башы жарылган. Өлүкканадагылар ичин мойнуна чейин кесишиптир. Ата-энесине сөөктү карматып, доом жок деп кол койдуруп алышыптыр. Ошол жактын чоңдору тажияга азык-түлүк көтөрүп келишиптир. Жүрөгү ооруп каза болду дешти. Карапайым элдин балдары ушинтип эле өлө береби»,деп бир тууган эжеси Сереп Медиа маалымат агенттигине кайрылып, маалымат берген.

Эскерте кетсек, учурда бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости