www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 9-ноябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жоокери каза болду.

УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча «Күз-2022» чакырылышынын аскер кызматкери А.Т.у. саат 05:45те дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп жатканын айтып, аскер бөлүгүнүн медициналык пунктуна кайрылган.

Анын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн жигит аскердик бөлүктүн медициналык ооруканасына жаткырылган. Саат 15:00 чамасында жоокердин абалы кескин начарлап, анын ооз көңдөйүнөн кан кеткен.

«Ага дароо тез жардам кызматы чакырылып, алар келген маалда жоокердин каза болгонун аныкташкан. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Аскер кызматчысынын өлүмүн объективдүү иликтөө үчүн аскер кызматчысынын сөөгүнө экспертиза жүргүзүлүп, ага Аскердик прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

“Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкекке жөнөтүлдү”, деп жазат Чек ара кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости