www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрында Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйыны өтөт.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өтө турган иш-чарага Түркмөнстандын Улуттук кеңешинин Элдик кеңешмесинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, катышат. Азербайжандан Илхом Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан катышат.

Ошондой эле Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ), Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА), Эл аралык Түрк академиясынын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун жана бул көп тараптуу түзүмдүн катчылыгынын жетекчилеринин катышуусу пландалууда.

Саммиттин күн тартибине экономика, соода, инвестиция, транспорт, инновациялар, экология, туризм, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара пайдалуу жана көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, уюмдун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселеси коюлду. Бул БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына толугу менен шайкеш келет.

Соңунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы практикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган Самарканд декларациясын жана башка маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости