www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы эле пара алып кармалган министрди айдап жаңы министрди дайындашкан, болбой эле коррупцияга чыланышкан бул жер кайрадан ылайлана баштады. УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Б.Н. Ельцин атындагы — Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схеманы аныктады. Министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун учурдагы эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларына мыйзамсыз студенттерди кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Орусия Федерациясынын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет.

Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизишип турган. Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги «А.Г.М.» жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы экен.

«Эч качан пара албаймын» дегени менен Бейшеналиевдин «аурасы» пара дегенде кыпылдып турчу. Ошол үчүн индиялыктардан силкип ири өлчөмдөгү пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө ишинен улам Билим министринен ала салды. ИИМге келип түшкөн жабырлануучунун өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары тарабынан билим берүү жана илим министри ири өлчөмдө пара алуу учурунда кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге Ата Мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча Өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10.000 доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган. Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри өзгөчө ири өлчөмдө 110.000 миң АКШ долларын пара катарында алгандыгы тастыкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп берди.

Министрдин айтымында калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды. Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт. Тергөө иш чаралары аяктаганда толук маалымат берилет. Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып Бейшеналиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда. Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин, тергөөдө бардыгын далилдеп берээрин журналисттерге билдирди. Ал сот залына кирип бара жатып “пара” делген акча каражаты билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айтты. Бирок, ал долбоордун атын атаган жок.

Пара алуу фактысы боюнча эки айга камакка алынган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Индиянын жараны Поту Фани Бхушан менен тааныштыгы тууралуу айтып берди. Министр кармалгандан кийин коомчулукта чиновник Поту Фаниден акча алышы мүмкүн деген пикирлер айтылган. Алмазбек Бейшеналиев өзү Индия жараны менен тааныш экенин билдирди. Бирок андан каражат алуу маселеси боюнча комментарий берген жок. Буга чейин ал чет элдиктен алынган акча университеттин курулушуна багытталганын, бул инвестиция экенин белгилеген.

Поту Фани Бхушандын ысымы буга чейин Индия менен Пакистандан чет элдик студенттерди алып келген жана салык төлөбөгөн компанияларды жалдоо боюнча журналисттердин иликтөөсүндө пайда болгон. Авторлор медициналык окуу жайдын мафиясы эң жогорку чекке жеткенин, чет элдиктерге бизнес куруп алгандар атүгүл өлкө жетекчилерине да жолугуп жатканын баса белгилешкен.

Поту Фани Бхушан Эл аралык жогорку медициналык мектебинин проректору. Бул университеттин кызматкери Ядав Сунал КММА менен келишим түзгөн SK CAREER Builder компаниясынын директору болгон. КММА Индиядан келген студенттердин негизги жеткирүүчүсү Поту Фани Бхушанды тааныбайбыз деп айтканына карабастан, ал Ядав Сунил жана КММАнын ректору Индира Кудайбергенова менен бир иш-чарада болушкан. Үчөө Баткендеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-медициналык комплексинин курулушуна капсула салууга катышкан.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышкан. Мамлекет башчысынын Поту Фани Бхушан менен таанышканын анын кабинетинде тартылган дагы бир сүрөт тастыктап турат. 28-сентябрда Алмазбек Бейшеналиев 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болгон. Ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн опузалап акча талап кылганы айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости