www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британ маалымат каражаттары Нострадамустун падыша Карл тактыдан кеткенден кийин "табышмактуу падыша" такка отурушу мүмкүн деген божомолун талкуулашууда. Бул тууралуу Mirror жазат.
Британ маалымат каражаттары Нострадамустун «падыша Карлдын башкаруусу кыска болот жана тактыга эч качан падыша болом деп ойлобогон адам отурат» деп алдын ала айткан божомолдорун талкууга алууда. Астролог Марио Рединг бул сөздөрдү кайра чечмелеп, королдук үй-бүлөнүн келечеги тууралуу өз божомолдорун билдирди. Астролог өзүнүн китебинде Карл IIIдөн кийин ханзаада Гарри Улуу Британиянын падышасы боло аларын айткан.
"Карл III тактыга отурганда 74 жашка чыгат, бирок Диана менен ажырашкандан кийин британ калкынын белгилүү бир бөлүгү ага карата болгон таарыныч дагы деле сакталып кала берет" дейт ал.
Ал андан ары жаңы падышанын жашын эске алып, калктын басымы аны ханзаада Уильямдын пайдасына тактыдан баш тартууга мажбурлай турганын айтты. Ошондон кийин Рединг кайрадан Нострадамустун "анын ордуна падыша болом деп ойлобогон адам келет" деген божомолго кайрылат.
«Бул атасынын ордуна келиши керек болгон ханзаада Уильям падыша боло албай, Гарри анын ордуна монарх болуп калат дегенди билдиреби? Бул аны 38 жашында король Генрих IX кылат», - дейт Ридинг.
Буга чейин Меган менен Гарринин балдарынын наамдары боюнча чечим ханышага аза күтүү аяктагандан кийин белгилүү болору айтылган.
Булак: NazarNews.kg