www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эл аралык университети алдындагы Этнология институтунун директору, тарыхчы Табылды Акеров: Кыргыз санжырасында Тагай-бий деген ат менен белгилүү болгон байыркы адамды айрым тарыхчылар – XVI кылымда Теңир-Тоодо эгемен кыргыз кандыгын курган Мухаммед Кыргыз болгон деп божомолдойт. Бирок кыргыз тарыхында – Чыңгыз-хандын кезинде, Амир Тимур же Султан Бабур учурунда Тагай ысымы менен бир нече ар башка адам кездешет.

Ошондуктан, «Тагай» деген – алардын уруусу, же атасынын аты болгон деп чечмелесе болот. Мисалга, Бабурга кызмат кылган Али Дост Тагай жана Мир Кыяз Тагай деген эки аскербашы болгон, Мухаммед Кыргыз – ошолордун бири болушу мүмкүн жана «Маджму ат-Таварих» деген тарыхый китепти Аксыдан чыккан Сайф ад-Дин Ахсикендиге ушулардын бири жаздырган сыяктуу...

Последние новости