www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдаагы күнү Бишкектин 61-мектебинин директору Низовский кармалып, коомчулуктун каршылык митингдеринен кийин кечээ күнү үй камагына бошотулду. Маалымат каражаттары аркылуу УКМК чыгарган маалымат Низовскийдин өзүнүн дагы, жалпы эле билим берүү тармагына өтө орчундуу зыян тийгизе тургандай.
Мектеп директорунун мүлкүнүн жалпы баасы 150 миллион сомдун тегерегинде экен, аны директор туугандары менен тааныштарына каттатып койгон. Мындан бир жарым жыл мурда ушундай эле ыкма менен Жогорку соттун эки судьясы – Камил Осмоналиев менен Дильфуза Боронбаева дагы ашкереленген.
Мунун баары кыргыз коому башынан аягына чейин чирип бүткөнүн көрсөтөт. Таза жол жана адал аракет менен бай болуу мүмкүн эмес, бирок коррупция менен күрөш дагы тандалма ыкмалар аркылуу жасалып жаткандай. УКМК жарыялаган жана жарыялабай койгон маалыматтарды текшерүү кыйын, анын канча мүлкүн текшерүүчүлөр өзүнө алып алаары да белгисиз. Коррупцияга каршы күрөш коррупциялык жол менен жасалып жаткандай.