www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургда кыргыз жараны өз баласын сатууга аракет кылган боюнча кылмыш ишин козгоо фактысын тастыктады.
Ведомстводон кабарлашкандай, Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү менен жолугушуу өткөрүштү. Ал кармалган аял Кыргызстандын жараны экенин билдирди. Аялга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми бала социалдык мекемеге жайгаштырылды.
«Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шектүү жаранына жактоочу жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтүүдө. Жабык сот отурумунда анын баш коргоо чарасы тандалат», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Екатеринбургда 7 жашар баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалганы белгилүү болгон.
Булак: NazarNews.kg