www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, биргелешкен атайын операция эки өлкөнүн аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн.

"Бул кылмышка шектелип жети адам кармалды. Алардын төртөө Казакстандын жараны болсо, үчөө кыргызстандыктар", — деп жазылат маалыматта.

Атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизат өндүргөн эки лаборатория жок кылынган.

Анда 31 килограмм 265 грамм баңгизат алынган:

"Альфа PVP" — 19,5 килограмм;

мефедрон — 6 килограмм;

гашиш — 5 килограмм;

марихуана — 765 килограмм.

Баңгизаттарды сатуудан болжол менен 155 миллион 545 миң сом (1,8 миллион доллар) түшкөнү айтылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости