www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эшек бизнесинен» пайда көргөн минкабдын биринчи орун басары Кожошев колдогон ардактуу кеңешчиси болгон. Акыркы мезгилде айыл жерлеринде мурункудай айкырган эшектердин үнү угулбай калды. Көрсө, эшектерди союшуп, анын этин жылкынын эти катары кымбат баада сатышкандар бар экен. Негизи, эшекти арам катары мусулман калкы этин жешпейт, ал эми Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдө эшектин этин жакшы эле пайдаланышат. Мусулмандарга деле эшектин этин жедирсе болот экен, мисалы, самсы жана башка эттен жасалган тамактарда ичин ачып ким текшерип жүрүптүр, эшектин этин жебеген кишилер билбей эле жылкынын эти катары жей беришет да. Анын үстүндө ар кандай чөп-чар кошушса бул эшектин эти деле даамдуу болуп калат экен. Самсыкананын биринде өтө даамдуу самсы даярдалчу экен, биздин кесиптеш агалардын бири дайым ошол жерден самсы алып жечү экен, кийин ал эшектин этинен даярдап жүргөнү маалым болуптур.

 Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев пара менен кармалган кеңешчисин кызматтан бошотконун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Кожошев кеңешчиси тууралуу тарап жаткан маалыматтар өзү үчүн күтпөгөн жагымсыз окуя болгондугун айтып, ыңгайсыз абалга келип олтургандыгын билдирди.

"Чынымды айтсам мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок, тилекке каршы ушундай иштер болуп кетти. Эми кененирээк маалымат бере кетсем: УКМК тарабынан 2022-жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы, 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып,аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым.

Маалым болгондой, козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам. Бул иш менин жана министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайм. Буга чейин кандай гана кызматтарда иштесем да элим үчүн таза иштеп келем. Мындан ары да элибиз үчүн ак ниет менен чын жүрөктөн таза кызмат кылам", - деп билдирди калтырган Кожошев.

Эскерте кетсек, УКМК тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси пара алуу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Ал 2016-жылы чет элдик ишкерден эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес. Ал эми 4-майда УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С., аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Кожошевдин кеңешчиси кармалган.

Учурда КР МУКК тарабынан бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости