www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда калемдин капкагын жутуп алган бир жаштагы наристе өлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-майда болжол менен 20:00дөр чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаш балдар бөлүмүнөн “102” кызматына маалымат келип түшкөн.

Маалыматта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында бир жаштагы наристе үйүндө ручканын капкагын кокустан жутуп алып, аба жетпей, чарчап калгандыгын айтылат.

Бул факт маалыматтардын электрондук журналына “кокустук” болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Наристенин атасы арыз жазуудан жана анын денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости